НАТО нун коалициялык күчтөрү менен ооган аскерлеринин Ооганстандын чыгыш тарабындагы чабуулунан 12 талип согушкери жок кылынды. Салгылашуу Пакистан менен чектеш Пактика чөлкөмүндө болгон. Өлкөнүн батыш тарабындагы Фарах провинциясында талип козголоңчулары инженерлер тобуна кол салып, ал жердеги уруштан 3 согушкер окко учкан. Ошол эле ишемби күнү Гельмандда жүргүзүлгөн атайы операция маалында 11 талип лашкери өлтүрүлдү деп маалымдады Ооган коргонуу министрлиги.