Башкы прокуратура Наталья Бушуеваны тышкы иштер министрлигинин атайы уруксааты жок иштеп жүргөн жана салыктарды жашырган деп айыптоодо. Бушуеванын адвокаты журналист түрмөгө үч жылга чейинки мөөнөткө камалышы мүмүкүн деп билдирди. Журналисттин апасы кызын соңку 2 күндөн бери көрө электигин кабарлады.
Өзбекстанда Германиялык “Дойче Велле” маалымат агенттигинин журналисти үстүнөн кылмыш иши козголду