55 жаштагы премьер-министр Андраник Маргарян жүрөк талмасынан капилет каза тапканына байланыштуу өкмөт отставкага кетти. Маргаряндын тажыясы өтө турган шаршемби күн Арменияда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Президент Роберт Кочарян он күн аралыгында май айына белгиленген парламенттик шайлоо аяктаганга дейре өкмөттү башкара турган утурумдук өкмөт башчы дайындашы керек.