Буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн ичинен Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров президент К.Бакиевге кирип чыкканы белгилүү. Калк арасында качан болсо өзүнүн бетке айткан калыстыгы менен кадыр-баркка ээ депутат Муратбек Мукашев да президентке кирип, жолугуп чыкканын айтуу менен: « Эч кандай иллюзия кылбагыла, Бакиев бүгүн эч кандай реформаларга даяр эмес, ал болгону 11-апрелдеги митингдин күчүн жоготуу үчүн силерге упчу эмизип, алдап жатат. Болгону эптеп силерди күзгө жеткизип, созуп, эл алдында уят кылат. Мисалы мен Куловду жакшы көрбөйм. Бирок, ошентсе да акыйкат үчүн айтып коеюун, мен Бакиевге ишенбейм!» деген сөзүн жарыялады «Агым» гезити. Ушул эле гезит, К.Бакиевдин алгачкы күндөн баштап коррупцияга каршы олуттуу, системалуу күрөш баштадык деп айтканына токтолуп, Түндүк электр акционердик коомунун жетекчилери Калиев, Балкыбеков, Ширшов мырзалар 2005-жылы электр энергиясын экспорттоодон эле мамлекетти 7 миллион долларга сындырганын, көмүр сатып келүүдөн 7, 5 миллион доллар чыгымга дуушар кылганын, бүгүнкү президент Бакиев кечээки депутат Бакиев кезинде ушул төбөлдөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу добуш бергенин, эми президент болгондон кийин алардын баарын Акаевди туурап, колтугуна корголотуп, колдоп-таяп олтурганын баяндады.
«МСН» гезитинин кабарчысы саясат таануучу Нур Омаров менен белгилүү укук коргоочу Топчубек Тургуналиевге сөз берди. Нур Омаровдун пикиринде, оппозиционерлер өлкөдө кардиналдуу реформаларды жасаганга, Кыргызстанды демократиялык, руханий теңчиликти көздөй бурганга Бакиевдин алы жетпей калды деп эсептешеээрин, президенттин телекайрылуусу элге жасалаган кайрылуу болбостон айрым бир саясатчыларга гана жасаган кайрылуу-очтет болуп калгандыгын белгилесе, укук коргоочу Топчубек Тургуналиев, Бакиев жана анын өкмөтү чукул арада ак кепкачандардын лидерлеринен, айланасындагы коррупционер жетекчилерден арылуусу жана жаңыланган Конституцияны референдум аркылуу кабыл алынат деп жарыя кылышы керектигин, ошол эле учурда «фронтчулар» менен «реформачылар» жарандык тирешүү жана кысым көрсөтүү тактикасынан баш тартышы зарылдыгын белгилеген.
«Эркин тоо» гезити өлкөнүн Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Т. Узакбаевдин окурмандардын суроолоруна жообун басты. Министр мырза, эл ичинде ар кандай кеп-сөзгө от койгон Кытай тракторлору тууралуу сөз кылып, алардын ар бири 10-12 миң долларга сатылды деген сөз жалгандыгын, ал тракторлор 14 миң долларга келгендигин, эгер кимде ким анын 50 пайыз баасын же 7 миң долларын төлөп берсе, ал трактор ошол дыйканга баш-оту менен берилерин айткан.
«Кыргыз туусу» гезити да президент К.Бакиевдин кайрылуусу окурмандарына кандай таасир калтырганына кызыгып, суроо салганда, Элдик революцияны коргоо кыймылынын мүчөсү Марат Өскөнов, революционерлер акаевдик үйбүлөлүк режимди түп тамырынан бери талкалап жок кылышканын, эми мындан ары эчким жеке бийлик режимин Кыргызстанга орното албасын, Бакиевдин кайрылуусун колдоорун, академик Бүбүйна Орузбаева, өзгөртүлгөн, такталган Конституцияны Жогорку Кеңештин кароосуна коем деп сүйлөгөн Бакиевдин сөзү көңүлүндө калганын, укук коргоочу Турсунбек Акун, Бакиев өз сөзүндө оппозиция менен бардык сүйлөшүүлөргө барам дегенин, бирок дагы көп маселелер айтылбагандыгын, «Жетиген ынтымак» коомунун президенти Дүйшөгул Жусупов, президент Бакиев демократиянын прнциптерин туу туткан жетекчи экенин анын кайрылуусунан кийин көргөнүн айтып жооп берди.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ