Долбоор депутат Өмүрбек Бабанов тарабынан иштелип чыгып, парламенттин кароосуна коюлган.Мыйзамда ишкерлерди текшерүүнүн тартиби, жол-жобосу так белгиленгенин Бабанов билдирди. Айрым депутаттар ишкерлер менен мамлекеттик мекемелердин бюджеттик каражаттын негизинде кызматташуулары учурундагы текшерүүлөр кандай жүргүзүлүш керек деген маселени көтөрүштү. Бирок талкуунун жүрүшүндө түшкөн сунуштар менен мыйзам кабыл алынды. (AiT)