Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕ КАНАЛ КООМДУК БОЛОТ ДЕП АЙТУУГА АЛИ ЭРТЕБИ?


Кечээ президент Курманбек Бакиев мамлекеттик каналды Улуттук телерадиокорпорациясы кылып өзгөрткөн жарлыкка кол койгон эле. Бул 2005-жылдын март окуясынан кийинки эки жыл ичиндеги МТРКны реформалоо боюнча жасаган президенттин алгачкы чоң кадамы болгону айтылууда. Ушундан кийин оппозиция жээгиндеги саясатчылар, бул эки жылдан бери келаткан негизги талаптардын бири болгондуктан президент муну митинг-жүрүштөргө жеткирбей эле өзү билип эле жасаса болмок деп чыгышты. Ошентсе да айрым адистердин баамында азырынча коомдук телеканал түзүлдү деп айтышка али эрте.

Эскерте кетүүчү жагдай былтыр парламент депутаттары мамлекеттик телеканалды коомдук каналга айлантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышып, президентке жолдошкон эле. Бирок президент ага кол коюудан баш тарткан. Эми президенттин кечээки жардыгынан кийин мамлекеттик теле канал коомдукка айланмай болду деген ой-пикир күч алды. Азырынча МТРКны коомдук теле каналга айланат деп айтуу эртелик кылат дегендердин пикири боюнча, мындай болуш үчүн президент бул тууралуу мыйзамга кол коюшу керек. МТРКны коомдук кылуу демилгесин көтөрүп чыккандардын бири депутат Каныбек Иманалиевдин ырасташынча, президенттин бул жарлыгы эч кандай ишеним туудурбайт. Анткени аны артка чакырып алуу оңой-олтоң иш:

- Бул мыйзамды биз 2005-жылдын май айынан баштап иштегенбиз. Эл аралык тажрыйбалар эске алынган. Толук маалымат эркиндигин камсыз кылуу үчүн жасалган булар. Бирок, президент мыйзамга кол койгон эмес да. Азыр мындай болуп атат. Президенттин жарлыгы бөлөк нерсе. Аны каалаган күнү өзү жокко чыгарып коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз сунуштаган мыйзамга кол коюшу керек. Бирок ага кол койгон жок. Биз президент мыйзамга кол койгондон кийин гана ишене алабыз, коомдук теле канал болоруна.

МТРКнын учурдагы башкы директору Кыяз Молдокасымов болсо, президенттин мындай кадамы саясий чечим болгондугун ырастоодо. Анын айтымында кантсе да бул жарлык тез күчүнө кирсе, телеканалдагы реформалар да ошончолук тездемекчи.

Негизинен коомдук телеканал түзүү демилгеси Акаев учурунан бери эле көтөрүлүп келген. Бирок, ага каршы “мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон телеканал да болушу керек” деген сыяктуу кыйла себептер айтылды. Андыктан мында да ушундай эле жыйынтыксыз аяктайт деген пикирлер бар. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев, мындай сөздөр маселенин өзөгүн көрө билбегендиктен жана мамлекет менен бийликтин айырмасын чаташтырып жибергендиктен келип чыкканын айтат:

- Азыр да мындай сөздөр чыгып атат. Эгер коомдук теле канал болсо бейөкмөт уюмдардын же башкалардын бийлиги күчөп кетип, мамлекеттик кызыкчылыктарды чагылдырбай калат, деген сыяктуу. Мындай да. Мамлекет деген бул – эл, коом. Коомдук жана мамлекеттик деген сөздөр синоним эле сөздөр. Бизде көбүнчө бийлик менен мамлекет дегенди чаташтырып коюшат. Мамлекеттик бойдон кала берет. Ошол себептүү бул теле канал бийликтеги гана адамдардын камчысын чаппай, жалпы эл үчүн иштеш керек.

Ал эми Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун айтымында, бул маселени бийлик тарап да, оппозиция да өздүк кызыкчылыктары үчүн саясатташтырышып жиберишти:

- МТРКны коомдукка айлантуу деген суроо, оппозиция тарабынан да мамлекеттик бийлик тарабынан да оюн катары кабыл алынып, өз кадамдарында утушка ээ болуу багытындагы иш-аракеттери чыга баштады. Бул мындай болбош керек. Бийлик өз ыктыяры менен эле буга окшогон нерселерди жасаш керек болчу. Анан президент ушундай деди, бул теле канал коомдук болуп калат деп айтууга али эрте.

Ошентип президент МТРКны коомдук теле каналга айлантууга макулдугун берип, жардыгын да чыгарды. Бирок каршы тарап мыйзамга кол коймоюн президентке ишенүү кыйын экендигин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG