Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

17:47 Чүйдө дунганга малайлыкка сатылган жоокерлердин окуясы боюнча сот иши болгон жатат


7702 аскер бөлүгүнүн командири Калим Тулгабаев Москва районунун Садовой айылынын тургуну Юсузов Аюпка эки жоокерди малай катары саткан. Жоокерлердин бири алты ай, бири бир жылдан ашык дунгандын коргоосунда кулдай иштеген. Акыры (2006-жыл 23- ноябрь) ур-токмокко чыдабаган эки жоокер Мамашова Саткын жана Орозбеков Анараалынын жардамы менен качып кетишкен. Учурда бул иш аскердик сотто териштирилип жатат. Бирок, сот ишине эки жоокер тең келбей жатканынан ишти кароо баштала элек. Бүгүн дагы жабырлануучулардын келбегенинен улам сот жыйыны 9-апрелге жылдырылды. (JJ)

XS
SM
MD
LG