“Ар-Намыстын” түштүк аймагы боюнча өкүлү Бөдөш Мамырованын айтымында, тартип коргоо органдары алардын артынан мыйзамсыз аңдууларды жана текшерүүлөрдү уюштурууда. Бөдөш Мамырова “Кыргызстандын кең келечеги үчүн” Бириккен фронттунун тапшырмасы боюнча 23-март күнү агитациялык материалдарды жана гезиттерди жеткирип таркатып жүргөн учурда Өзгөн шаарынын кылымышты иликтөө кызматкерлери тарабынан кармалып, мыйзамсыз тинтүүгө алынгандыгын жана агитациялык материалдар жүктөлгөн автоунаа учурда Жалалабат шаардык мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери тарбынан камакка алынганын маалымдады. Ошол эле учурда Бөдөш Мамыровага карата жасалган мамиле боюнча маалыматты жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги төгүндөөдө. (KJ).