Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:56

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Метеорология борборунун маалыматына караганда, 28-29 март күндөрү Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-249 чакырым аралыктарында жана Алабука-Канышкыя, Каракулжа-Алайку жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Ошондой эле марттын 28нен-30на чейин нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Жалалабат, Ош, Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн.

28-мартта Кыргызстанда жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +9...+14 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +11...+16 градус болот.
Чүйдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14 градус.
Ысыккөл, Нарын облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +6...+11 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +10..+12 градус.

XS
SM
MD
LG