Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

ЕВРОПА-БОРБОР АЗИЯ ЖОЛУГУШУУСУ


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигинин жогорку өкүлчүлүгү 27-мартта эки күндүк сапар менен Астанага келди. Борбор Азия жумурияттарынын тышкы иштер министрлери менен алар 28-мартта ири жыйын өткөрүп, кызматташуу стратегиясын талкуулайт, негизги маселе болсо - борбор азиялык мунай менен газды Европага жеткирүү болот.

2006-жыл башталаар алдында Украина аркылуу өткөн газ куурун Маскөө жаап салгандыктан, бир нече европалык өлкө эки күнгө газ тартыштыгына дуушар болгон жана Батыш мамлекеттери Орусияны жоопкерсиз мамлекет деп атаган. Туура бир жылдан кийин ошондой эле маселе Орусия менен Беларус ортосунда да чыккан, ошондуктан керектеген газынын 25 пайызын Орусиядан алган Европа башка газ булактарын издегени түшүнүктүү.

Маскөө болсо Борбор Азия жумурияттарынан жаратылыш газын арзан баада алып, аны ошол эле Европага кымбат сатат. Ошол себептен Европа Биримдиги мындан бир нече жыл мурда "Набукко" деген газ куурун жаткыруу планын иштеп чыккан, ал Каспий аймагынан Азербайжан менен Түркия аркылуу өтүп, кийин Австрияга чейин келиш керек. Анын узундугу үч миң чакырым, баасы беш миллиард евро болууга тийиш, каражаттын 70 пайызын Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкы бөлүп берет, курулуш болсо эң эрте дегенде 2011-жылы бүтүш керек.

Европалык өкүлчүлүк Астанада борбор азиялык саясатчыларды ушул долбоорду колдоого чакырат, андан тышкары жалпы кызматташуу стратегиясы дагы талкууланууга тийиш. Биримдикте азыр төрагалык кылган Алмания ал стратегияны июнда жарыялайт деп күтүлүүдө.

Алманиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайердин пикиринде, Европа менен тыкыз мамиле түзүп, аны менен кеңири кызматташууга Борбор Азия элдери өтө кызыкдар: "Орусияга кошуна жана Кытай чек арасында жайгашкан Борбор Азиядагы иштерди бул эки улуу кошуна монополиялаштырып алганы аларга көп жакпайт. Региондо жашаган көптөгөн адамдар - Европа алардын иштерине көбүрөөк катышып, аларга көбүрөөк көңүл бурушун каалайт", - дейт Штайнмайер.

Аны менен кошо Астанага Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро-Валднер жана уюмдун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Пьер Морел да келди. Кызматташуу стратегиясы болсо жалаң гана мунай менен газ булактарын Европа тарапка буруу менен чектелбейт. Борбор Азия жумурияттарына 2007-2013-жылдарда Биримдик 700 миллион евро жардам бөлүп берүүгө даяр.

Кыргызстанга келип, 14-мартта Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен жолукканда, Пьер Морел - кызматташуу стратегиясы үстүндө иштегенде, газ менен мунайга бай өлкөлөрдүн гана эмес, бардык борбор азиялык жумурияттардын кызыкчылыктары эске алынат деп билдирген. 27-мартта кыргыз тышкы иштер министри Эднан Карабаев дагы Казакстанга учуп чыкты.

28-мартта Астанада өтө труган жыйында Борбор Азияда адам укуктарын коргоо маселелери дагы көтөрүлөөрү күтүлүүдө. Батыш эксперттеринин пикиринде болсо, Европа менен Борбор Азия мындай түз байланыш түзүп жатканы Маскөөгө жакпайт.

XS
SM
MD
LG