Бул маселе Жогорку Кеңештин чукул кырдаалдар жана экология боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында каралаарын мурда күнкү парламент отурумунда депутат Мурат Жураев билдирген. Жыйынга баш прокурордун милдетин аткаруучу, Эсеп палатасынын төрагасы жана башка тиешелүү өкүлдөр катышаары күтүлүүдө. Буга дейре бир катар депутаттар өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустембеков баштаган жетекчилер чоң өлчөмдөгү мамлекеттик каражатты ичип-жеди деп, аны кызматтан четтетүү талабын коюшкан болчу.(SM)
7:00 Депутаттар чукул кырдаалдар министринин коррупцияга аралашкан-аралашпаганын аныктоого ниеттенишүүдө