Бул маселени талкуулаган өкмөттүн кечээки жыйынында үрөн жетишсиздиги жана күйүүчү май менен камсыздоо начардыгы белгиленди. Жыйында айтылгандай былтыр 123 миң гектар айдоо аянты бош калган. Эгер зарыл чаралар көрүлбөсө быйыл да ошондой эле аянттагы жер иштетилбей калышы ыктымал. Жыйын соңунда өкмөт башчы Азим Исабеков бир ай ичинде кемчиликтер четтетилбесе тиешелүү жетекчилердин кызматтан алынаарын эскертти. (SM)