Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

РОССИЯ ЖАНА КЫТАЙ ИШКАНАЛАРЫ 4, 3 МЛРД ДОЛЛАРЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ КОЛ КОЮШТУ


Дүйнөнүн эң чоң өлкөсү менен эң элдүү өлкөсү ортосундагы саясый кызматташуу миллиардаган долларлык экономикалык келишим аркылуу бекемделди. Шейшемби күнү россиялык жана кытайлык ишканалар ортосунда 4, 3 миллиард долларлык келишимге кол коюшту. Россия жана Кытай лидерлери Москвадагы кездешүүдө Шанхай кызматташуу уюмун колдоону токтотпойбуз деп убада беришти.

Экономикасы жылына 10 проценттик кадам менен күүлөнүп бараткан Кытай үчүн Россиянын отун энергия, металл жана башка табигый байлыктарына чыгуу маанилүү болсо, ички финансылык ресурстары чектелүү Россия Кытайдын инвестициясына катар колдоосуна да муктаж. Россиялык эксперт Виктор Кременюктун сөзү менен айтканда, Кытай чындап эле Россиянын ресурстарына муктаж, а Россияга Кытайдын акчасынан да колдоосу көбүрөөк керек.

Шейшемби күнү эки өлкөнүн лидерлеринин көз алдында кол коюлган 4, 3 миллиард долларлык келишимдер Россия акчага да муктаж экенин көрсөттү. Мисалы, Внешторг банк группасы келерки сегиз жылда Россиядан Кытайга түрдүү товарларды экспорттоого милдеттенме алды. Ал үчүн Кытайдын эки банкы Внешторг банкка 1 миллиард доллар карыз берет. Ал эми “Газпромбанк” Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан 100 миллион долларлык карыз алып, ал акчага Кытайдан техникалык жабдууларды жана технологияларды сатып келет.

Кытайлык технология Россияны кызыктырганын президент Путин Кытай товарларынын жарманкесинин ачылышында белгилей кетти:

-Биз үчүн көргөзмөнүн инновацияларга жана маалымат технологиясына, авиацияга, космостук индустрияга, ядролук энергияга арналган бөлүктөрү, ошондой эле Кытайдын электрондук техникадагы, машина куруудагы жана башка тармактардагы жетишкендиктери өзгөчө кызыктуу болду.

Жаңы түзүлгөн келишимге ылайык, Россиянын темир жолдор башкармалыгы жылына Кытайга 15 миллион тонна кара май ташыйт. Бул өткөн жылга салыштырганда 1, 5 эсеге көп.

Кытай президенти Ху Цзинтао белгилегендей, эки өлкөнүн кызматташуусу асман көздөй өсүүдө. Баса, эки жактуу соода Россия тараптын маалыматы боюнча 29 миллиард долларды, а Кытай тарапты боюнча 33 миллиард долларды же Кытайдын ички дүң продукциясынын 2 процентке жакынын түздү.

Ошентип, “The Wall Street Journal” гезитинин жазышынча, Кытай- Россия ортосундагы соода –сатык Кытайдын АКШ, Япония жана Түштүк Корея менен болгон коммерциялык байланышын үч эсеге ашып кетти.

XS
SM
MD
LG