Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:38

11:24 Жаңыдан түзүлгөн «Кыргызстандын биримдиги үчүн» коомдук-саясий кыймыл билдирүү таратты


Анда 24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин элдин жаңы бийликке ишеними аткарылбаганы, өлкөдө кырдаал Бириккен фронт түзүлгөндөн кийин курчуганы белгиленген.Кыргызстан азыркы кезде регионалдык, этникалык бөлүнүү, мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучуна келди. Мындай шартта биз сүйлөшүүлөрдү жактап, “Кыргызстандын биримдиги үчүн” коомдук-саясий кыймылын түздүк. Биздин кыймылдын эшиги мамлекеттүүлүктү, биримдүүлүктү сактоону жактаган күчтөр үчүн ачык. Биз ошол эле кезде “Реформа үчүн” кыймыл менен көптөгөн маселелер боюнча пикирлешпиз, деп белгиленген билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG