Британ премьери Тони Блэр Ирандагы деңизчилер тобу дипломатиялык жол менен бошотулбаса, кризис «башкача жолдор» менен жөнгө салынышы мүмкүн деп эскертти. Ирандын тышкы иштер министрлиги британиялык деңиз аскерлердин ал-акыбалы дурус жана аларга адамгерчиликтүү мамиле жасалууда деп билдирди.