Кабарларга караганда, жанкечти өзүн полиция кеңсесинин сыртында жардырып жиберген. Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Гильменд провинциясынын борборунда болду. Жарылуудан төрт полицей каза таап, дагы бир нече киши жаракат алган. Полициянын маалыматына караганда, жанкечти оболу кеңсесин ичине кирүүгө аракеттенген.