Узактан бери күтүлгөн бул документке бүгүн Москвада эки өлкөнүн премьер-министрлери Михаил Фрадков менен Айгар Калвитис кол коюшту. Келишим СССР тарагандан бери эки өлкөнүн мамилесине терс залакасын тийгизип келген жер талашты токтотушу керек. Мунун алдында Латвия Орусиянын Псков облусунун аймагындагы бир чек ара районуна болгон дооматынан баш тарткан эле. Евробиримдик жана НАТО орус-латыш чек ара келишимине кол коюлушун кубаттады.