Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

17:03 Эч кайсы министр кызматтан кетпейт


Мындай билдирүүнү президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрү менен түштөн кийинки жолугушуу учурунда жасаган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев билдирди. Анын айтымында, айрым өкмөт мүчөлөрү коалициялык өкмөт түзүү үчүн орун бошотуп, кызматтан кетүүгө даярдыгын билдиришкен. Буга байланыштуу өкмөт башчы Азим Исабековдун Данияр Үсөнов баш болгон беш министрдин кызматтан кетиши тууралуу маалыматы президенттин жардыгы менен бекемделген эмес, деди Эсеналиев. Анын айтымында, буга байланыштуу бардык өкмөт мүчөлөрү өз ордуларында ишин улантат. Ал эми оппозициядан коалициялык өкмөт түзүү боюнча сунуш болсо, ал каралат деп белгилеген президент. (AiT)

XS
SM
MD
LG