Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

17:48 Бириккен фронттун Жалалабат облусундагы башчысын телефон аркылуу коркутушууда


Бир жумадан бери белгисиз адамдар тынымсыз телефон чалышып, коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтышууда. “Өлүп калбагың, эртеңки күнүңдү ойлон!» деп чөнтөк телефон аркылуу эскерткен адамдар кызматы менен аты-фамилиясын аташа элек. Бул тууралу «Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» Бириккен фронттун Жалалабат облусундагы башчысы Мукадан Султанова бүгүн билдирди. Анын айтымында, фронттун талаптарын колдошоорун Жалалабат шаарынан 500 киши жашыруун түрдө билдиришкен. Облус борборундагы бир нече кишилер өз имаратында бириккен фронттун кеңсесин ачуу сунушунан коркуп баш тартышкан. Ошондуктан, Мукадан Султанова фронттун кеңсеси үчүн шаар сыртынан жай издеп жатат. Анын Жалалабаттагы үй телефону да өчүрүлгөн. Облустук бийлик менен коопсуздук жана ички иштер кызматтары өз кезегинде телефон чалууларга тиешеси жок экендиктерин билдиришти.(YA)

XS
SM
MD
LG