Митингге аймактагы райондордон 500дөн ашык адам чогулуп, облустук акимчилик алдына эки боз үй тигишти. Алар алтын казуучу “Андаш”, “Жерүй” компаниялары жабылсын, Акаевдин учурунда мамлекеттен уурдалган 2 млрд. АКШ доллары кайтарылсын, Көпүрөбазар айыл өкмөт башчы Мырзабек Алмүрөков жумуштан кетсин деген талаптарды коюшууда. Митингчилер менен облустун губернатору Байымбет Мураталиев жолугушуп, алтын кендер азыр толугу менен иштей элек, бул маселе республикалык деңээлде каралып жатат деп элге кайрылды.(UA)