Облустун губернатору Кыдыкбек Исаев 9-11-апрелдеги оппозициянын мөөнөтсүз митингисине көлдүктөрдүн кандай катышып жатканына кызыкты. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы облуска күчөтүлгөн режимди киргизүү сунушун айтты. Анын ырастоосунда Каракол шаар кеңешинен 13, Челпек айылынан 10 депутат Бириккен фронтко тартылган. Коллегиянын аягында элеттик митингди негизинен айыл кеңештеринин депутаттары жана айрым жетекчилер түптөп аткандыктан, аларга азыртадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү дагы милдеттендирилди. (RB)