Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 29 мартта Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-249 чакырым аралыктарында жана Алабука-Канышкыя, Каракулжа-Алайку жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Ошондой эле 29-30 мартта нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Жалалабат, Ош, Баткен, Чүй облустарында сел жүрүшү мүмкүн.

29-мартта Кыргызстанда жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Талас, Чүй облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +4...+9 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +7...+12 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -2...+3, күндүз +4...+9 градус.
Нарын аймагында түнкүсүн -3...+2, күндүз +5...+10 градус.
Бишкекте жамгыр жаайт. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +6...+8 градус.

 

XS
SM
MD
LG