АКШ Конгресси мурда атайын чечим даярдап, Ирактагы америкалык аскерлерди 2008-жылдын мартынын аягына чейин өлкөдөн чыгарып кетүүнү сунуштаган, бирок ал план үчүн талаптуу добуш чогулбай, демилге ишке ашкан эмес. Анын аралыгында президент Жорж Буш Ирак менен Ооганстандагы аракеттер үчүн кошумча 122 миллиард доллар бөлүп берүүнү сурады жана Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы өткөн жума күнү ал каражатты бөлүү чечимин аскерлерди Ирактан чыгаруу маселеси менен байланыштырып, алар 2008-жылдын августунун аягына чейин Ирактан кетүүгө тийиш деп чыкты.
Кошумча каражат бөлүнүш үчүн, ал тууралуу чечимди Конгресстин эки палатасы тең кабыл алууга тийиш жана окшош мыйзам долбоору өйдөкү палата, Сенатта үстүбүздөгү аптада каралышы пландалууда. Бирок өкмөттүн саясатын жактаган сенаторлор ал мыйзам долбооруна кошумча киргизүүнү сунуштады жана Ирак согушуна каражат бөлүү жөнүндөгү чечимде аскерлер Ирактан кайсы мөөнөткө чейин чыгарылыш керек экени тууралуу эч нерсе деп айтылбаш керек деген сунуш менен чыкты.
27-март күнү Сенат бул кошумчаны карап чыгып, аны четке какты, ошондуктан эми Конгресстин өйдөкү палатасы дагы аскерлерди Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылаары күтүлүүдө. Кошумчаны четке кагуу чечими үчүн 50 сенатор добуш берди жана чечим бир гана добуш артыкчылык менен кабыл алынды. Ал добуш - президент Буштун Республикалык партиясына кирген сенатор Чак Хейгелдики деп айтылууда.
Кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Сенатта кабыл алынгандан кийин аны президентке кол коюуга жиберердин алдында эки палата кабыл алган долбоорлордун тексттери макулдашылууга тийиш. Азырынча аларда анча-мынча айырмачылыктар бар, мисал үчүн, Эл өкүлдөр жыйыны кабыл алган мыйзамда - аскерлер 2008-жылдын 1-сентябына чейин чыгарылууга тийиш деп айтылган, Сенат карай турган долбоордо болсо - 2008-жылдын 1-апрелине чейин деп айтылат.
Эл өкүлдөр жыйыны 23-мартта чечим кабыл алганда, президент Буш - андай долбоор эч качан мыйзамга айланбайт, анткени мен ага кол койбойм деп билдирген. Сенат карап жаткан азыркы долбоор тууралуу дагы президенттин жардамчысы Дана Перино ошондой эле пикир билдирди: "Бул жана ага окшош чечимдер Ирактагы эркиндик менен демократияны коркунучка дуушар кылып, душманга күч берет. Аны менен АКШ өкмөтүнүн Ирак экономикасын көтөрүүгө багытталган аракеттерине балта чабылат. Президентке бул долбоор тартууланса, ал ага сөзсүз вето салат", - деди Перино 27-мартта.
Сенатор Хейгелдин айтымында болсо, АКШ азыр дүйнө коомчулугуна каршыдай аракеттенип жатат жана бардык мусулмандардын душманы катары кабыл алынып калды, ошондуктан түзүлгөн андай абалды оңдош керек.