Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:24

АКШнын сенаты Ирактагы аскерлерди келерки жылдын март айына чейин чыгарып кетүүнү чечти


ВАШИНГТОН. АКШнын сенаты Американын Ирактагы аскерлерин келерки жылдын март айына чейин чыгарып кетүүнү колдоду. Өткөн жума күнү өкүлдөр палатасы өлкөнүн Ирактагы жана Ооганстандагы аскерлеринин сарптоолору жөнүндөгү мыйзамды бекитип, Ирактан 2008-жылдын сентябрга чейин чыгып кетүүгө үндөгөн. Бирок палатада өткөн добуш берүүдөн кийин президент Буш Ирактан аскерлерди мөөнөтүнөн мурда чыгарып кетүү тууралуу кандай чечим болбосун, вето койо турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG