Чоңгвиңдеги курулушта турган бул жалгыз үй ресторан ээлери, жубайлар Йаң менен Вуга таандык. Үйдүн айланасында тереңдиги 10 чакты метр келген котлован казылып, курулуш компаниясы көп кабат имарат салууга кам уруп жатат.
Компания үй ээлерине 250 миң долларга ыраазы болууну же көп кабаттуу үйдүн өйдөгү кабатындагы жакшы квартирага көчүп барууну сунуш кылган. Бирок маселе акчада эместей көрүнөт. Жубайлар ресторан иштетүүгө шарты бар, биринчи кабаттан турак жай берилишин талап кылып жатышат. Алардын бул талабы канагаттандырыла элек.
Кытайлыктардын өздөрү бул окуяда таң калыштуу эч нерсе жок экенин, эски үйлөрдү бузуп, ордуна жаңы имараттарды тургузган учурда мындай окуялар көп кездеше турганын айтышат. Бирок сунуш этилген шарттарга макул болбой, бир нече жыл бою көшөрүп отуруп алып, жалпы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган менчик ээлери буга чейин болгон эмес, дешет байкоочулар.
Өткөн жумада сот жубайларга көчүп кетүүгө көрсөтмө берди, ал эми бийликтер эгерде алар көчүп кетпесе, үй ээлерин үйдөн күчкө салып чыгара турганын эскертти.
Жалпы коомчулукка маалым болгон бул окуя, байкоочулардын пикиринде, дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытайдын талылуу проблемасын козгоду. Жаңы курулуштарга байланыштуу менчик жерлеринен ажырап калган дыйкандар сунуш кылынган кенемте акылар менчик мүлктүн чыныгы баасына тете эместигине нааразы болуп, нечен демонстрацияларга чыгышат. Бирок андан каалагандай натыйжа чыкпайт, анткени жергиликтүү бийлик менен жаңы курулуш ээлери бири-бири менен алдын ала сүйлөшүп алышат дешет дыйкандар.
Лондондук серепчи Йи Йи Лу Кытайдын парламенти тарабынан кабыл алынган жаңы мыйзамда бул оош - кыйыштардын баары эске алынды, эми бул маселе чечилет, деген пикирде.
Бирок Жэйн стратегиялык маалымат борборунун серепчиси Кристиан Лемиер мыйзам алгач көрүнгөндөй таасирдүү эмес экенин, ал алдыдагыдай талаш жагдайларды толук жөнгө салууга жол ача албасын, билдирет.
Баян Жумакадыр кызы, Прага