Манучер Моттакинин бул билдирүүсү Ирандык телеканалдарда жума күндөн бери камалып отурган айрым британ деңизчилери көрсөтүлгөндөн кийин жарыяланды. Ал берүүдө деңиз аскерлери арасындагы жалгыз аял “биз чек араны бузуп өткөнүбүз чын” деп айтты. Британиянын коргоо министри бул тасманы айыптай турганын билдирди.