Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:02

БИЙЛИК ПАЙДУБАЛЫНА ДИНАМИТТЕРДИ КИМ КОЮП ЖАТАТ?


«Айкын» гезитине ЖК депутаты Султан Урманаев бийлик бүгүн өзү турган пайдубалга динамиттерди өзү коюп дүрмөттөп салганын айтуу менен, ушу тапта атка минерлер өз элинин ырыс-кешигин гана сатуу менен алектенип калганын, маселен «Вечерний Бишкек» гезитинен жер сатылат деген кулактандырууну иликтеп чыкканда Ысык-Көлдүн Кош-Көлүнөн- 27 гектар жер 3 миллион долларга Тамчыдан 20 гектардын ар бир сотугу 2 жарым миң долларга, Чок Талдан 15 гектар жер 3 миллион долларга, Өрнөктөн 15 гектар жер 1 жарым миллион долларга, Чоң Сары Ойдон 15 гектар жер 4 жарым миллион долларга, Бостериден 12 гектар жер 2 жарым миллион долларга сатылганын… бул тизме ушинтип уланып кете берерин, мындай айбанчылыкка барган бийликтин батар күнү кыска экендигин айтып кан-какшаган.

«Лица» гезити 1- бетин «Куловду орус саясатчылары колдойт», «Кулов Дж. Буш экөө эски тааныштар» деген баш темалар менен баштап, агездеги Техас штатынын губернатору, азыркы АКШ президенти Дж. Буш менен Феликс Куловдун чогуу түшкөн сүрөтүн басты. Ушул эле бетте «Мени Жумалиев менен салыштыруу болбогон кеп» деген аталышта өлкө премьер-министри Азим Исабековдун гезит кабарчысынын суроолоруна жообу жарыяланды. Эми мына ушул «Лицанын» босогосун аттап көрөлү.

Орусия чегара кызматташтыгы боюнча Ассоцациясынын стратегиялык пландоо кызыматынын жетекчиси Александр Собянин мырзанын божомолу боюнча Бишкекте өткөндөгү «мандалак» революциясына салыштырганда бул ирет саясый катаклизм кыйла жаман болушу мүмкүн, өзгөчө Коргоо министрлиги менен Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук кызматын окуяга кийлигиштирүү опурталдуу жагдайларга апкелет. Анткени Бакиев башкаруусу коомчулукту эле эмес, аскердик жана чекисттик элитанын да көңүлүн кайт кылып салган. Александр. Собянин мырза ошону менен бирге эле мөөнөтсүз шайлоо болорун, себеби жогорудагыдай кагылышуунун аягы акыры ушуга алып келерин божомолго алган.

«Де-факто» гезити депутат Мелис Эшимканов менен баарлашты. Мелис мырза учурдагы абал тууралуу сөз кылып жатып, ушу кезде Ош менен Жалал-Абаддан криминал балдар топтолуп атканын, жакында аларды жарыя кылышарын, жүздөгөн балдар күн сайын Бишкектин «Жалал-Абад» чайканасынан түштөнүп кетип жатышканын, Кулов менен Субаналиевде оперативдүү мындай маалыматтар жетиштүү экендигин айтып берген. Депутат ошону менен бирге эле өткөн жылы президент К.Бакиев менен жолугушканын, президент ага Маскөөдө өзүнүн төлгөчү айымы бар экенин, анын 24-мартта президент болуп каларын алдын ала ошол көзү ачыкка төлгө салдырып укканын, анан биртоп кыргыз саясатчыларынын сүрөтүнө кошуп төлгөчүгө Мелистин да сүрөтүн көрсөткөнүн, ошондо ал аял Мелистин саясаттагы, чыгармачылыктагы иштери аябай ийгиликтүү болорун Бакиевге айтып бергенин мындан ары экөөбүз жакшы мамилелеш болуп жүрөлү деп айтканын кеп салган. Ушу тапта айрым байкоочулар өлкөдө туруктуулуктун жоктугу, митингдердин тынбай кайталанышы экономиканы өстүрбөй жатат деген дооматтарга кандай ойдосуз деп белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевге собол салганда, Айылчы мырза, экономика тынчтыктьы сүйөт деген сөздөр туура экендигин, бирок азыркы бийликтин жүргүзүп келаткан экономикалык саясаты коррупциялык, мафиялык жана кландык болуп аткан соң тынчтык жөнүндө сөз кылуу али эртелигин, анткени коррупционерлер тынчтыкты андан беш-бетер сүйөрүн, өлкө тынч болсо, эл дымып унчукпаса, корупционерлер да унчукпай, билгизбей мамлекеттин акчасын аймап-жей берерин сөз кылды.



.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG