Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

ОРУС ДРАМА ТЕАТРЫНЫН МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ФЕСТИВАЛЬ БАШТАЛДЫ


Бишкекте орус драма театрынын 250 жылдыгына арналган республикалык фестиваль башталды. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында эл аралык театр күнү белгиленет.

Орус театрынын 250 жылдык мааракесине жана орус тилинин жылына арналган мектеп театрларынын алтынчы республикалык фестивалы кечээ 26-мартта ачылып, ага Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана ар кандай уюмдардын өкүлдөрү, мектеп окуучулары катышты. Салтанаттын алкагында театралдык мектептердин таланттуу улан-кыздары театрдын тарыхын чагылдырган оюн-зоок көрсөтүштү.

Фестивалга жалпысынан жыйырмага жакын театр студиялары катышууда. Иш-чаранын программасында Пушкин, Крылов, Чехов, Гоголь жана башка орус классиктеринин чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер көрсөтүлөт. Долбоордун жетекчиси Алла Симонованын айтымында калыстар тобунун курамын мыкты театр ишмерлери түзөт.

Фестивалдын катышуучуларынын бири 9-гимназиянын окуучусу Настя: -Бул фестивалга биринчи ирет катышып жаткандыктан деңгээли туурасында эч нерсе айта албайм, бирок долбоордун идеясы жакты. Себеби келечекте артист болом, театрда ишейм, киного тартылам дегендер талантын көрсөтүп, тажрыйба топтогонго чоң мүмкүнчүлүк алышат. Андыктан мындай иш-чараларды уюштуруу зарыл деп эсептейм,-деди.

Ал эми 9-гимназиянын жетекчиси Валентина Лесниченко фестивалдын катышуучулары жылдан-жылга көбөйүп бара жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле бул иш-чарага тишелелүү мекеме жетекчилери тарабынан көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.

-Тилекке каршы бул фестивалга биздин шаардык бийлик жана билим берүү мекемеси эч маани бербейт. Мына бүгүнкү фестивалдын ачылышына да чакыруу жөнөткөнбүз, бирок эч кимиси келген жок. Менин оюмча бул иш-чаранын жаңыдан өсүп келе жаткан жаштар үчүн тарбиялык мааниси зор. Башкача айтканда мына ушул фестивалга катышып, спектаклде ойногон жана күбө болгон улан-кыздар таасирленип жаман иштерге барбайт деп ойлойм. Андыктан жетекчилер кандайдыр бир деңгээлде көңүл бурушса жакшы болоор эле.

Фестиваль 30-мартта жеңүүчүлөрдүн галла концерти жана сыйлыктарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталат. Ал эми бүгүн кыргыз улуттук академиялык драма театрында эл аралык театр күнү белгиленет. Маданият министрлигинин көркөм өнөр бөлүмүнүн жетекчиси Аким Текешов билдиргендей бул кечеге Бишкектеги баардык театр ишмерлери катышып, майрамдык концерттерин тартуулашат. Салтанаттын алкагында ошондой эле айрым театр ишмерлерине Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов жана Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктар тапшырылат.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG