Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:53

АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА АЗЫРКЫ МЕКЕМЕ МУРДАГЫСЫНАН АЙРЫМАЛАНАБЫ?


Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши ушул дүйшөмбүдөгү жыйынында Иран менен Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын иликтеп турууну токтотуу чечимин кабыл алган. Мындай чечим кээ бир өлкөлөр, атап айтканда Кошмо Штаттар жана адам укугун коргоочу бир катар эл аралык уюмдар тарабынан кескин сынга алынды. Ага катар БУУнун адам укуктары боюнча азыркы мекемеси да мурдагысынан эч айрымаланбай калдыбы деген суроонун чыгышын шарттады.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши былтыр уюшулган, ага азыр 47 өлкө мүчө. Ал өзүн -өзү дисскредитацияланды деп эсептелген Адам укуктары боюнча мурдагы комиссиянын ордуна түзлгөн эле. Ал комиссиянын башкы проблемасы укук коргоочулардын пикиринде, ага дүйнөнүн өкмөттөр адам укуктарын тебелеп-тепсеген өлкөлөрү да мүчө болгондугунда эле. Андыктан тигил же бул шектүү окуялар боюнча иликтөө жүргүзүү керек деген демилгелерге алардын өздөрү же өнөктөштөрү тарабынан эл аралык жыйындарда тоскоолдук жасалып келинген. Ушундан улам БУУнун Адам укуктары кеңешинин дүйшөмбү күнкү чечими, азыркы мекеме да мурдагы комиссиянын эле жолоюн жолдоп калдыбы деген суроолордун чыгышын шарттады. Аарон Родес - Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору:

- Адам укуктары боюнча Кеңеште блок боюнча добуш берүү үстөмдүк кылат жана бул чечим - түрдүү регионалдык блоктордун натыйжасы. Алардын мүчөлөрү маселеге турган турпатында карабай, бул региондогу өлкөлөрдүн жалпы приоритетине жана муктаждыгына жооп берет деп ойлошкондуктан, саясий жүйөөдөн улам макул болушат. Бул - Адам укуктары кеңешинин иши оңунан чыкпай калышынын өтө жаман көрүнүшү.

Иран жана Өзбекстан боюнча добуш берүү жабык эшик артында өткөн. Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда, добуш берүү алдында беш өлкөдөн турган комиссиянын сунушу угулган. Алардын үчөөсү: Зимбабве, Бангладеш, Азербайжан башка өлкөлөрдү Өзбекстан менен Ирандагы адам укуктарынын абалын иликтөөнү токтотууга чакырган экен. Жапония, Түштүк Корея, Бразилия, Швейцария өңдүү өлкөлөр добуш берүүдө калыс позицияны карманышкан.

Ал эми адам укуктары боюнча абал өтө начар Зимбабве сыяктуу өлкөлөр Адам укуктары боюнча кеңештеги чечим кабыл алуу жараянында жетекчи ролду ойноп калганы эмне себептен? Зимбабве өзү кеңешке мүчө эмес. Бирок, кызык жери ал мурдагы комиссиянын жетекчилигинде тургандыктан, утурумдук мөөнөткө Кеңеште да иштей алары макулдашылып калган.

-Адам укуктары, тилекке каршы, өтө саясатташкан маселе. Анан албетте Кеңеш түзүлүп жаткан кездеги идеялардын бири, баардык мүчөлөр башкы ассамблеянын үчтөн –эки бөлүгү тарабынан шайланышына ынануу болгон. Бул 100дөн ашуун өлкө дегенди билдирет. Эгер сиз 100дөн ашуун мамлекет тарабына шайлангандарды жакшы эже жаман өлкө деп карасаңыз, бул субьективдүү көз караш. Менимче биз азыр эки топко бөлүнүүдөн качышыбыз керек,- дейт Элчин Амирбейов БУУнун Женевадагы бөлүмүндө Азербайжандын өкүлү.


Кезинде Кошмо Штаттар Адам укуктары кеңешинин болочок ишинин натыйжалуулугунан күмөн санап, ага кирүүнү каалган эмес эле. АКШнын божомолу азыр далилденип жаткандай.

Бирок адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдар Вашингтон Кеңештин ишинен сырта калуусун токтотушу керек деп эсептейт. Маселен "Хьюман Райтс Уочт" уюмунун өкүлү Пэгги Хикстин пикиринде, Кеңештин институттары али түзүлүүдө. Кагаз жүзүндө болсо да, мурдагы комиссиянын тушундагыдан айрымаланып, жаңы мекемеде укук бузган өлкөлөрдү жоопкерчиликке чакыруунун натыйжалуу механизмдери бар. Маселелер жыл бою көтөрүлүп, атүгүл БУУнун Коопсуздук кеңешине да сунуш кылынса болот. Соңку добуш берүүнүн жыйынтыгына жасалган мамиле жана анын айыптоо Адам укуктары кеңешинин аракеттери көз кырында турганынын белгиси болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG