Өлкөдө түзүлгөн саясий кризис чечилгенче Башкы прокурорду дайындоого макулдук берүүнү токтото туралык. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев парламент отурумунда сунуштады. Анын айтымында, Башкы прокурорго түндүк-түштүккө бөлүнбөгөн, эч кимге көз каранды болбогон, мыйзам багытында президенттен да алысты көрө билген адамды дайындаш керек. “Баш прокурорду жети жылга дайындайбыз, ал эми президенттин мөөнөтү апрелдин аягына чейин эле калды”,-дейт Текебаев. (AJ)