Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун "Азаттыкка" айтымында, экономиканын канын соргон коррупциядан Кыргызстан кутула албай жатканы бизнес менен бийликтин биригип калганында болуп жатат. Буга Башмыйзам жол бербейт. Ошол себептен Атамбаевди премьер-министр кылып дайындоо ушул каталыкты кайталоо болуп саналат. "Алмаз Атамбаев ири ишкер, аны премьер-министр кылып дайындоо Башмыйзамды одоно бузууга жатат. "Бириккен фронту" алсыратып, ага ыктаган «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрүн министрлик кызмат менен момпосуй берип баланы соороткондой эле иш болуп жаткансыйт",-деп билдирди Дастан Сарыгулов “Азаттыкка". (KCh)