"Азим Исабековду кызматтан кетирип, анын ордуна Алмаз Атамбаевди дайындоо президенттин өз кызмат ордун сактап калууга кылган кезектеги үмүтсүз аракети". Бул тууралуу “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун басма сөз катчысы Азамат Калман “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Алмаз Атамбаев 11-апрелде өтүүчү митингди токтотом, деп президентке убада берсе керек. Бирок “мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү талабы менен 11-апрелде митинг болот”, -деди Азамат Калман. (AJ)