Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

ООР ЖАРАКАТТАН БЕЛГИЛҮҮ ЖАКТООЧУ КӨЗ ЖУМДУ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Киши өлтүрүүгө байланышкан ири кылмыш иши боюнча сотто жабырлануучу тарапты жактап жаткан белгилүү жактоочу Улукбек Миралимов белгисиз адамдар тарабынан алган оор жаракаттан көз жумду. Жактоочунун денесине оор залал келтирилген өлүмдүн себептерин Ош шаарындагы адвокаттар кеңсесинин жамааты кесиптик ишине байланышкан буюртма адам өлтүрүү менен байланыштырышып, терең тынчсыздануу менен кылмыштын бетин тезирээк ачууну өтүнүп, укук коргоо органдарына кайрылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда ушул жылдын 5-мартында түнкү саат ондор чамасында үйүнө бара жаткан жеринен жактоочу Улукбек Миралимовго белгисиз адамдар кол салып, токмоктоп урушкан. Алган оор жаракаттан жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, 20 күндөн кийин оор жаракаттын кесепетинен көз жумду. Тергөөчү Бакыт Машиев жактоочу Миралимовго кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону менен учурда шектүү эч нерсе азырынча табыла электигин белгиледи:

- Тергөө жүргүзүп жаткан учурда 2007-жылдын 20-март күнү жактоочу Миралиев Улукбек денесине оор жаракат алгандыктан каза болгон. Ошол эле күнү кылмыш иши КР кылмыш жаза кодексинин 104-статьясына кайрадан переквалификация болду.

Адвокаттар кеңсесинин башчысы Зуура Турдубаева болсо жактоочунун кесиптик ишине байланышкан кылмыш ишинин белгилери ачык байкалып тургандыгына карабастан милиция тарабынан алгач карактоо беренеси боюнча гана иш козголуп, жабырлануучу кайтыш болгондон кийин гана берене өзгөртүлгөндүктөн, иликтөө иштери эч кандай жыйынтык бербей жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди:

- Тергөөчүгө барып сураганыбызда, кийим кечеси, бир буту да кичине күйүп калган экен. Ургандарды күбөлөр көргөн экен. Башына тебишкен экен.

Ал эми маркум жактоочу Улукбек Миралимовдун кесиптештеринин айрымдары анын кийинки учурларда кылмыш дүйнөсүнүн жергиликтүү бир өкүлдөрүнүн катыштыгы болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча жабырлануучунун жактоочусу катары материалдарын топтоп жүргөндүгүн эске алышып, бул ишке анын тайманбас мүнөзү себеп болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышты:

- Юрист катары билимдүү бала эле. Процесcте анча-мынча курч сөздөрдү бетке айтчу. Албетте аркы тарапка андай нерсе жакпайт. Ошондуктан душмандары көбөйсө керек, - деген оюн билдирди жактоочу Тарифа Масабирова.

Адам укугу жана демократия борборунун жетекчиси Идирис Кубатбеков жактоочулардын коопсуздугун коргоо боюнча мыйзамдык база болбогондуктан улам, айрыкча өтө орчундуу курч иштерди алып барып жатканда адвокаттардын коргоосуз калышы ушундай кесепеттерге алып келип жатат деп белгилеп, бул багытта жаңыча чараларды кабыл алуу зарылдыгына токтолду:

- Ушундай окуялар бул бир гана бүгүнкү күндүк адвокаттарга гана эмес, эртеңки элдин укугун коргой турган калкка акылуубу, акысызбы жардам берип, колунан эч нерсе келбей, юридика талаасында эч түшүнүгү жок адамдарга жардам бере турган эртеңки муунга дагы өз таасирин тийгизет, - деди Идирис Кубатбеков.

XS
SM
MD
LG