Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

ТАЛАСТА АЛТЫН КОМПАНИЯЛАРЫНА КАРШЫ АКЦИЯЛАР УЛАНУУДА


Таласта алтын казуучу “Андаш”, “Жерүй” компанияларынын иштешине каршы башталган митинг акциялары уланууда. Митингчилер кенге кетүүчү жолго атайын тосмо орнотуп, компаниялардын иштешине тоскоолдук кыла турганын билдиришүүдө. Облустун губернатору “Жерүй”, “Андаш” компаниялары жакында элдик угуу өткөрөрүн, ошол жерде бардык доомат, арыздарын эл айта аларын митингчилерге сунуштады.

Облустук администрация алдына митингге бүгүн дагы 500гө жакын адам жыйналышты. Митингчилер мурдагыдай эле кен жабылсын деген негизги талапты коюшууда.

Митигге бүгүн Карабуура районунан сексенге жакын адам келип кошулду. Карабуура районунун тургуну Бапышев Сатыранкул:

- Бакай бабаларыбыз татынакай жерди бизге калтырса, аны сактай албай калабызбы. Болбогон топтун кызыкчылыгы үчүн эки кен ачып алышты. Цианит, уран дегени бар экен. Бала-чакалардын келечегин ойлоп атам мен. Агын суу таза болсо экен деп атам.

Талас районуна караштуу Көпүрөбазар айылынын тургуну кендер жабылсын деген топтун лидери Ороз Курамаев жакында “Андаш” кенине кетүүчү жолго атайын тосмо орнотушаарын билдирди:

- Бүгүн экинчи күн болуп атат пикетке чыгып атканыбызга. Эгерде биздин койгон талабыбызды аткарбай турган болсо эртеңден баштап Айдаралиевдин айыл өкмөтүнө барып шлагбаумду жаап, “Андаш” компаниясын киргизбейбиз. Анткени биздин үнүбүз жетпесе, койгон талабыбыз аткарылбаса, андан башка кыларга эч кандай аргабыз калган жок.

“Андаш”, “Жерүй” компаниялары жакында элдик угуу өткөрөөрүн айтты облустун губернатору Байымбет Мураталиев:

- “Жерүйдө” график боюнча апрель айында угуу болот. Ошондо азыр сиздер күйүп-бышып мага берип аткан суроолорду ошолорго бериш керек. Эгерде алар так туура бизди канаттандырарлык жооп берсе анда разработка болот. Канааттандырарлык жооп бербесе, анда көрөбүз.

Митингдин лидерлери кечээ акция башталгандан бери башка оппозиция тараптардан, партиялардан өкүлдөр келип, өздөрүнө кошулууну талап кылып жаткандарын айтышууда. Бирок алар азырынча эч кандай саясий уюм, партияларга кошулбай, бийликтин чечимин күтөөрүн билдиришүүдө. Ал эми бийлик маселени чечип бербесе жакында Кыргызстандагы Биримдик фронту тарабынан Таласта өткөрүлүүчү акцияларга кошулуп, бирге иш жүргүзөөрүн билдирди митингдин башында турган лидер Азимкан Жунушалиев.

XS
SM
MD
LG