Эки кыймылдын лидерлеринин жолугушуусунда саясий иштерди чогуу алып баруу, Алмаз Атамбаев башында турган коалициялык өкмөттүн курамына кирбөө, Конституциянын жаңы долбоорун чогуу иштеп чыгуу, 11-апрелде боло турган мөөнөтсүз митингге чогуу чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлү Өмүрбек Абдырахманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, “Реформа үчүн” кыймылы менен “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен кыймылы алдыдагы иштери тууралуу эртең расмий билдирүү жасайт. (AJ)
19:40 “Реформа” кыймылы менен “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен кыймылы билдирүү жасайт