Кечээ «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун Ош шаарындагы кеңсесине өздөрүн «Эмгек жана биримдик» партиясынын өкүлдөрүбүз деп тааныштырган аялдар тобу келип, кыймылдын 3-4 өкүлүнө баш ийбей каршылык көрсөтүү менен кеңседеги баракчаларды жыйнап туруп, өрттөп салышкан. Ош губернатору Жантөрө Сатыбалдиев «Азаттыкка» берген маегинде муну жосунсуз жорук катары баалап, мындай аракеттер президенттин беделине көө сүйкөөрүн белгиледи. (SM)