Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛДЫ ОРУСИЯДАГЫ ММК КАНДАЙ ЧАГЫЛДЫРУУДА?


Төрөкул Дооров, Москва Кыргызстандагы саясий кырдаал ушу тапта Орусиядагы маалымат каражаттарында да башкы окуялардын бири катары чагылдырылып жатат. Анын аралыгында, орус эксперттик коомчулугунда жаңы «түстүү ыңкылап мүмкүнчүлүгү» тууралуу сөздөр айтыла баштаган өңдүү.

Бейшембиде Орусиядагы негизги телеканалдар маалымат программаларын Кыргызстандагы соңку окуялар менен баштап жатышты.

Ушинтип, Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнүнө анча көнө албай жаткан орусиялык теле-журналисттер соңку өзгөрүүлөр тууралуу кыска маалымат менен чектелип жатышса, кеңири макалалар гезиттерде жарыяланды окшойт.

Бул күнү Орусиядагы негизги гезиттер - «Коммерсант», «Время новостей» жана «Независимая газета» - үчөө тең Кыргызстанда шаршемби күнү өкмөттөгү айрым министрлер кызматтан бошошконун жазышты. Анткени бейшемби күнкү окуялар жума күнкү басылмаларда гана чыкмак.

Бирок бүгүн, жума күнү, «Независимая газетада» «Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» бириккен фронтунун лидери Феликс Кулов менен интервью басылып чыгаары маалым болду. Бул тууралуу бизге ал интервьюну жүргүзгөн журналист Виктория Панфилова айтты.

- Биз Феликс Кулов менен Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу сүйлөштүк. Маек болгон кезде премьер-министр кызматынан кете элек болчу, анын айрым мүчөлөрү гана отставкага кетишкен. Бирок Кулов өкмөттүн отставкасы өлкөдөгү жалпы саясий кырдаалды өзгөртпөйт, эч нерсени чечпейт деп ишене турганын айтты. Чынында, ал Бакиевдин соңку чечимдерине комментарий берүүнү каалаган жок. «Өлкө азыр саясий туңгуякта», - деп айтты Кулов. Андан сырткары, Кулов жаңы өкмөттү түзүүгө оппозиция катышпай турганын, анткени оппозиция өкмөттөгү айрым чиновниктерди эмес, жалпы системаны алмаштыруу керек деп биле турганын белгиледи, - деди Виктория Панфилова.

«Независимая газета» бейшембидеги санында «Кыргызстанда премьер-министр өз алдынчалык кылып, өкмөттүн жети өкүлүн кызматтан бошоткону үчүн президенттен тил укканын»; «Время новостейдин» кабарчысы Аркадий Дубнов болсо Кыргызстанда «бийлик структуралары четинен ыдырап, кыйрап баратканын», ал эми оппозициянын негизги күчү Ф.Куловдун «фронтуна» өткөнүн; «Коммерсант» гезити «Президент Курманбек Бакиев оппозициянын башкы талабын аткарса, 11-апрелге белгиленген митинг тынч өтөөрүн, андай болбосо, өлкөнү жаңы «мандалак ыңкылабы» күтүп турганын» жазды.

Жаңы ыңкылап тууралуу сөздү азыр бир эле журналисттер эмес, Орусиядагы саясий аналитиктер да колдоно баштаган өңдүү.

«Карнеги» корунун эксперти Алексей Малашенконун айтымында, азыр радикалдык оппозиция өз максатына жетишине мүмкүнчүлүк өтө жогору болуп турат.

- Албетте, бул өлкөдөгү стабилдүүлүккө коркунуч келтирет, ал эми бийликтер мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрбөш үчүн бүт аракетин көрүшөт. Андыктан, өлкө жаңы ыңлыкаптын алдында тургандыгын да жокко чыгара албайм. Бирок, эгерде радикалдык оппозиция бул мүмкүнчүлүктү колдоно албай калса, бул алардын алсыздыгын көрсөтөт, - деди Алексей Малашенко.

Кыргызстандагы кырдаалга карата расмий Москва азырынча эч кандай билдирүү жасай элек. А.Малашенконун айтымында, мындан ары деле расмий билдирүүнү күтүүнүн кажети жок. «Анткени Кремль Кыргызстанда бийликке ким келбесин, баары бир ал Москвадан качып, кутула албайт деп ойлойт», - деп айтты орусиялык аналитик Алексей Малашенко.
XS
SM
MD
LG