Кырсык Шаньси провинциясындагы көмүр шахтыда газ жарылуусунан улам болду.Мамлекеттик "Синьхуа" агенттигинин маалыматына караганда, кырсык шахтыда 100дөн ашуун кенчи иштеп жаткан учурда орун алган. Бул Шаньси провинциясындагы шахтыларда ушул ай ичи катталган экинчи кырсык. 18-марттагы кырсыктан 21 кенчи каза тапкан.