Бул тууралуу эл аралык "Хьюман Райтс Уочт" уюму билдирди. Орусиянын 7 жараны 2002-жылы Ооганстанда туткундалып, Гуантанамодогу америкалык түрмөдө эки жыл отурган соң мекенине өткөрүлгөн эле. "Хьюман Райт Уочтун" доклады ошол орусиялыктардын жакындары, адвокаттары алар менен жолуккан укук коргоочулардан алынган маалыматтарга негизделген.
Гуантанамо түрмөсүнүн орусиялык туткундары өз мекенинде ур –токмоко жана кордоого кабылган