Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:19

Араб Лигасы жөө-палестин чатагы боюнча мурдагы сунушун кайра кайталады


Араб Лигасынын саммити бүгүн Саудиянын борбору- Эр Риядда аяктады. Алар тараптан кайра расмий көтөрлгөн демилгеге ылайык, Израил 1967-жылкы согушта оккупацияланган араб жерлеринен кетип, Палестин мамлекети түзүлгөн шартта, Израил менен нормалдуу мамиле орнотулушу керек. Беш жыл мурда Израил мындай сунушту четке каккан эле. саммиттин жыйынтыктоочу декларациясында, региондо өзөктүк жарыша куралдануу жүрүп жатканы белгиленет. Мында Израил менен Иран эске алынгандай.

XS
SM
MD
LG