10-кылымда курулган чиркөө акыркы жылдары калыбына келтирилип жаткан. Ван көлүндөгү аралда жайгашкан чиркөө азыр музей катары ачылды. Ачылыш аземине эки тараптын расмий өкүлдөрү катышты. Бул окуя өлкө аралык алакалардын оңолушу тууралуу кабар берди. Учурда Түркия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык байланыш жок. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Түркияда армяндардын массалык кыргындарынын айланасында эки өлкө пикир келишпей келет.