Евробиримдиктин тышкы саясаты үчүн жооптуу өкүлү Солана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Америкалык системанын бөлүктөрүн Польша менен Чехияда орнотуу планын талкуулашы зарыл деп белгиледи. Бул маселе боюнча пикир алмашпай калуу чоң ката болмок деп айтты Солана. Орусия АКШнын абадан коргонуу системаларын Европада орнотуу планын коркутуу аракети катары баалап, ага жооп иретинде теңата аракет көрүлөөрүн эскерткен.
Хавьер Солана Европада АКШнын ракеталарга каршы системасынын бөлүктөрүн орнотуу долбоорун талкуулоого чакырды