ТАЛАС. Күндүн суугуна карабастан бүгүн 400гө чукул адам облустук акимчиликтин алдында тигилген эки боз үйдүн жанына жыйналышты. Кечээ күнү кечинде митингичилер президент К Бакиев жана Таластан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жөнөтүшүп, алардын келишин талап кылышкан. Алтын кендер иштебесин деген топтун лидерлеринин бири Улукбек Осмонов эгер элдин талаптарын бийлик аткарбаса, Бишкек -Талас жолдорун жабышаарын, алтын казычуу компаниялардын мүлктөрүн жана имараттарын күч менен эл басып алаарын “Азаттыкка” билдирди. (UA)