Кошмо Штаттарда эң мыкты жабдылган деп эсептелген Walter Reed атындагы аскерий госпиталдын кароосуз калган абалын бир ай мурда маалымат каражаттары жазып чыккан. Жорж Буш согуш ардагерлеринин алжайы менен таанышкандан кийин, аларга болгон мамилеге ичи толбогонун да айтты жана “кемчиликтерди оңдойбуз” деп убада берди.
Президент Буш Вашингтондогу согуш ардагерлерин дарылоочу борбордо болгондон кийин, мурда госпиталга жетерлик көңүл бурулбаганы үчүн кечирим сурады