Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

10:30 Бишкекте тынчтык митинги башталды


Митингди “Саясий тынчтык жана биримдик үчүн” жарандык коому уюштуруп жатат. “Эркин Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча Алатоо аянтында өтүп жаткан митингге “Кыргызстан” элдик кыймылына кирген бардык саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, борбор калаада тынчтык жана бейпилидик болуусун каалаган шаардык жарандар катышууда.

-Жыйындын негизги урааны “Кыргызстанда тынчтык , биримдик, реформалар!” Максаты Кыргызстанды тынчтык менен сактап калуу, президент баш болгон аткаруу бийлигин, оппозицияны, депутаттарды ийри олтуруп, түз сүйлөшүүгө чакырабыз. Сүйлөшүү, макулдашуу жолу менен бардык маселелерди чечүүгө үндөйбүз,

-дейт Топчубек Тургуналиев.

XS
SM
MD
LG