Мындай маалыматты партиялар парламентинин атынан “Эл ынтымагы” саясий партиясы таратты. Партиянын жетекчиси Роза Акназарованын айтуусунда өкмөт толугу менен жаңыланууга тийиш, эски мамлекеттик системада иштеген аткаминерлер, мурдагы министрлер жаңы өкмөттүн курамына кирүүгө акысы жок. Ушул тапта жаңы өкмөт курамына талапкерлерди сунуштоого бардык саясий партиялар даяр, дейт Роза Акназарова.