Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:36

12:17 Өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болду


Кечээ кечинде президент К. Бакиев бир катар министрликтердин жетекчилерин дайындады. Cалык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Т. Акматов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Т. Курманбеков, саламаттык сактоо министри Ш.Ниязов кызматынан бошотулуп, бул орунга Т. Абдраимов, өзгөчө кырдаалдар министри Ж.Рүстөнбековдун ордуна Т.Жунушалиев дайындалды. Ал эми экономиканы өнүктүрүү жана соода министри С. Молдокулов, транспорт жана байланыш министри Н. Сулайманов, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова өз орундарында калышты. Президенттин жардыгы менен биринчи-премьер-министр кызматынан бошотулган Д.Үсөновдун ордуна азырынча эч ким дайындала элек.

XS
SM
MD
LG