Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

17:30 “Ата мекен” партиясынын Жалалабат шаардык бөлүмүнүн ижарада турган кеңсеси талкаланды


ЖАЛАЛАБАТ. Партиянын шаардык бөлүмү менен «Сентябрь» телеканалы ижарада турган “Жалалабат тейлөө сервиси” аттуу ишкананын кеңсеси 31-мартта түнкү саат 11 ченде таш баранга алынган. Белгисиз адамдар кеңсенин чоң айнектерин талкалашкан соң, номери жок автоунаага түшүп качып кетишкен. Натыйжада ишкана 15-20 миң сомдук зыян тарткан. Бул тууралуу “Азаттыка” 1-апрелде партиянын шаардагы координатору Ильич Нарматов билдирди. Анын айтымында окуя тууралуу маалымдалган соң Жалалабат шаардык милициясы аталган чатакты териштирүүдө. Белгилүү болгондой, 31-мартта күндүзү «Ата мекен» жана «Ар намыс» партияларынын облустагы үч өкүлү бийликчил адамдар тарабынан запкы тартышкан. (YA)

XS
SM
MD
LG