Президент Виктор Ющенко бул күнү депутаттарды конституцияга баш ийбейт деп күнөөлөп, парламентти таркатам деп эскертти. Кийин оппозициянын 10 миңдеген колдоочулары Ющенконун бул ниетин колдоп, демонстрация өткөрүштү. Өкмөт башчысы Виктор Януковичтин азыраак сандагы колдоочулары аларга жакын жерде өздөрүнчө чогулушту. Алар парламентти таркатууга негиз жок деп эсептешет.