Жаңы премьер-министр Алмаз Атамбаев жума күнкү парламент жыйынында дүйшөмбүгө карай өкмөт мүчөлөрү белгилүү болуп калаарын билдирген. Ошол эле учурда “Реформа үчүн” кыймылы да, “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронту да коалициялык өкмөт түзүү демилгесин колдошпостугун, ага оппозициялык эки кыймылдын тең мүчөлөрү кошулбастыгын билдиришүүдө. Бул арада президент өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн дайындаган жардыктарга кол койду. Бирок жаңы дайындалган өкмөттүн 11 мүчөсүнүн төртөө гана алмашканы болбосо калгандары өз ордуларында калган. (SM)